Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Экотехинспекция Чолпон-Атадагы стадионду кабыл ала элек


Көчмөндөр оюнуна карата Чолпон-Ата шаарында чоңойтулуп жаткан стадион Экология жана коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан расмий эксплуатацияга бериле элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган инспекциянын Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын башчысы Таалайбек Карасартов билдирди.

“Азыр курулушчулар күнү-түнү иштеп атышат. Негизги конструкциясын бүтүштү, стадион оюн койгонго даяр болуп калды. Бирок документалдык түрдө баары даяр болгондо гана эксплуатацияга берилет. Аны оюндар өткөндөн кийин кабыл алышыбыз мүмкүн. Балким 9-сентябрга чейин деле кабыл алып калышыбыз мүмкүн”, - деди Карасартов.

Ошондой эле инспекция өкүлү объектти кабыл алгандан кийин гана анын коопсуздугуна жооп беришерин билдирди.

“Көчмөндөр оюндары” деп аталган түрк элдеринин улуттук ат оюндары 9-14-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтөт. Ага 12 мамлекеттен миңге жакын конок келери айтылууда. Мамлекет аталган иш-чараны өткөрүүгө бюджеттен 100 млн. сом бөлгөн. (МТо)

XS
SM
MD
LG