Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

КТРК директорлугуна эмки аптада сынак жарыяланат


Коомдук телерадикорпорациясынын башкы директорлугуна сынак келе жаткан жуманын шейшемби же шаршембисинде жарыяланат. Каналдын байкоочу кеңеши сынактын жол-жобосун аныктаганын “Азаттыкка” байкоочу кеңештин төрагасы Илим Карыпбеков билдирди.

“Октябрдын ондоруна чейин арыздарды кабыл алабыз. Андан кийин талапкерлер менен жолугушуп, алардын программалары менен таанышабыз. Үчүнчү этапта добуш берүү менен башкы директорду тандайбыз. Жогорку билимдүү, беш жылдык практикалык иш тажрыйбасы бар адам талапкерлигин көрсөтө алат. Ал сөзсүз түрдө жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеши шарт эмес”, - деди Карыпбеков.

Анын айтымында, негизинен талапкердин менеджерлик шыгына басым жасалат.

Ушул жылдын август айынын башында КТРК башкы директору Кубат Оторбаев өз арызы менен ордун бошоткон. Анын ордуна ЭлТРдин мурдагы директору Султан Жумагулов каналдын директорунун милдетин аткарууда. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG