Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Укук коргоочу кол салууга кабылышын ишмердүүлүгүнө байланыштырбайт


Жалал-Абад шаарындагы “Справедливость” укук коргоо уюмунун улук юристи Махаматжан Абдужапаров өзүнө болгон кол салууну ишмердүүлүгү менен байланыштырбаcын “Азаттыкка” билдирди.

"4-сентябрда белгисиз жаран "жолдо баратканда автоунаамды кысып койдуң" деген жүйө менен иш кеңсемден чыгып баратканда мага кол көтөргөн. Шаардык милицияга арыз жазгандан соң тактасам бейтааныш адам УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына жаңы кызматка келген бөлүм башчы экен”, – дейт Абдужапаров. Ошол себептүү ал бул ишти өз ишмердүүлүгүнө эмес, УКМК кызматкерлеринин жарандарга жасаган орой мамилесине байланыштырууда.

Шаардык милиция окуяны текшерүүгө алды, ал эми облустук УКМК башкармалыгы бул боюнча билдирүү бере элек.

Буга чейин “Чек арадагы укук коргоочулар” уюму Абдужапаров өз ишмердүүлүгүнө байланыштуу коркутууларга кабылып жатат деп билдирүү тараткан болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG