Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Индия жана Пакистанда суу ташкын жүздөгөн адамдын өмүрүн алды


Индия жана Пакистанда нөшөрлөп жааган жаандан көчкү жана сел жүрүп, 300гө чейин киши каза тапканын жергиликтүү бийликтер кабарлады. Индиянын Кашмир бөлүгүндө 150 киши набыт болгон. Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди тик учак менен кырсык болгон жерлерди кыдырып көрдү.

Кошуна Пакистанда да миңдеген үйлөр кыйрап, 160 кишинин өмүрү кыйылган. Куткаруучулар тик учак жана кемелерде адамдарды сактап калуу аракетин көрүп жатышат. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG