Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Чаткалда алтын казган ишкананы тоноп кетишти


Чаткал районундагы Чакмак-Суу айылында жайгашкан “Фонта” алтын казуучу ишканасына белгисиз куралчан кишилер кол салып, кампадагы салмагы тактала элек алтынды тоноп кетишти. Окуя 7-сентябрга караган түнү болгонун Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, беткап кийген, орус тилинде эркин сүйлөгөн эки киши кен казуучу ишканага бастырып кирип, күзөттө турган Курманбек Сулаймановду атып, жарадар кылган. Эс алып жаткан башка күзөтчүлөрдү вагонго камап салышкан. Нөөмөт башчы Алмазбек Эгембердиевди жана участка башчысы Шайлообек Жуматаевди курал менен коркутуп, сабап кампаны ачтырган. Андан ары алар ишканага таандык “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү унааны минип, из жашырышкан. Окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат. Жарат алгандар райондук ооруканада жатат.

Тонолгон компания кытай ишкерлерине таандык экени айтылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG