Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:05

АКШ Кытай менен алакага артыкчылык берет


Бул тууралуу бүгүн АКШнын коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Сьюзан Райс Пекинде Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзе менен жолуккан учурда билдирди. Ал Кошмо Штаттар тышкы саясатында Кытайды артыкчылык берген өлкөлөрдүн бири катары эсептерин билдирди. Ян Цзе иш жүзүндө эки өлкө тең бири-биринин кызыкчылыктарын сыйлашы керектигин жана талылуу маселелерди, келишпестиктерди чечүүдө конструктивдүү сүйлөшүү зарылдыгын айтты.

Райс Пекинге АКШ президенти Барак Обаманын ноябрда боло турган визитин утурлай, ага даярдыктар боюнча сүйлөшүүгө барган.

Кошмо Штаттар август соңунда Кытайдын аскерий аба күчтөрүнүн тик учактарын АКШнын аскерий-деңиз күчтөрүнүн учагынан алыс эмес жерде жасаган кооптуу ыкмасы (манёвр) үчүн Кытайга нааразылык билдирген.

19-августта Түштүк-Кытай деңизинде, Хайнань аралынын 210 чакырымында Кытай тик учагы Американын P-8 Poseidon аскерий учагына 10 метр жакын учуп, өзүнүн куралдуу экенин көрсөткөндөй болгон. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Бен Родс аны олуттуу чагым катары мүнөздөгөн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG