Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:45

Орусияда “Солвекс-турне” ишин токтотту


Санкт-Петербургдагы ири турфирмалардын бири “Солвекс-турне” бүгүндөн баштап ишин токтотууда. Бул тууралуу Орусиянын туриндустрия бирлигинин маалымат катчысы Ирина Тюрина билдирди. Анын белгилешинче, азыр чет өлкөлөрдө, өзгөчө Греция менен Болгарияда аталган фирманын 9 миңдей кардарлары калган. Аларды мекенине кайтарууда маселе жаралбайт деп ишенет Тюрина. Бирок “Оренбург авиалиниясы” “Солвекс-турненин” 8-сентябрдагы каттамы болбой калышы ыктымалдыгын билдирген.

Жайында орус рублинини куну качканына байланыштуу Орусияда эс алчулардын саны кескин кыскарып, бир топ турфирмалардын иши солгундаган. Бир катар туристтик агенттер өлкөнүн ички жана тышкы саясаты, Украинадагы кырдаал бул тармакка терс таасирин тийгизип жатат деп билдиришкен. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG