Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

Чаткалда ок жеген Сулаймановдун абалы оор


Чаткалдагы алтын казган ишканада белгисиз кишилер аткан октон жабыркаган Курманбек Сулаймановдун абалы оор. Ага операция жасалды, бирок өзүнө келе элек. Аны тезинен Бишкектеги ооруканага которуу аракети жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук оорукананын дарыгери Сатыбалды Жоробеков билдирди.

7-сентябрь күнү кечинде Чаткал районундагы Чакмак-Суу айылында жайгашкан “Фонта” алтын казуучу ишканасына белгисиз куралчан кишилер кол салып, кампадан 5 кг алтын жана 300 миң сом акчаны тоноп кетишкен.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы берген малыматка ылайык, беткап кийген, орус тилинде эркин сүйлөгөн эки киши кен казуучу ишканага бастырып кирип, күзөттө турган Курманбек Сулаймановду атып, жарадар кылган. Эс алып жаткан башка күзөтчүлөрдү вагонго камап салышкан. Нөөмөт башчы Алмазбек Эгембердиевди жана участка башчысы Шайлообек Жуматаевди курал менен коркутуп, сабап кампаны ачтырган. Андан ары алар ишканага таандык “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү унааны минип, из жашырышкан.

Алмазбек Эгембердиев менен Шайлообек Жуматаевдин абалы орто. Окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат. Тонолгон компания кытай ишкерлерине таандык экени айтылууда. (SE\BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG