Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Орусия Батыш авиакомпанияларына учууга тыюу салышы мүмкүн


Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев “Ведомости” гезитине эгер Батыштын санкциялары энергетикага жана финансы тармактарына таасирин тийгизсе тиешелүү жооп бере тургандарын айтты. Ал жооп катары Батыштын авиакаттамдарына өз аба мейкиндиги аркылуу учууга тыюу салышы мүмкүн экенин билдирди. “Биз бардык өнөктөштөрүбүз менен алака түзүүнү каалайбыз. Орусиянын аба мейкиндиги ачык, бирок алар бизге каршы чектөөлөрдү киргизсе биз тыюу салабыз”, – деп билдирди Медведев.

Бул каттамдарды узартып, авиа билеттердин кымбатташына алып келет.

8-сентябрдан тарта Орусияга каршы катаалыраак санкцияларды кабыл алууну Европанын лидерлери 5-сентябрда НАТОнун саммитиндеги жолугушуудан кийин макулдашкан. Биримдиктин мындай чечими орусиячыл жикчилдер менен расмий Киев Чыгыш Украинада ок атышууну токтотууну чечкенден кийин эле кабыл алынды. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG