Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Бишкекте Каптагаевди жумуштан алуу боюнча кол топтолуп жатат


Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди жумуштан алуу боюнча Бишкекте жарандык коом өкүлдөрү кол топтоп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аны уюштургандардын бири, “Биздин укук” коомдук фондунун төрайымы Калича Умуралиева билдирди.

Жарандык активисттер Чолпон-Атадагы Раппопорт аллеясынын кыйылышына байланыштуу Каптагаевдин кызматтан кетирүү зарылдыгын айтып жатышат. Учурда кол топтоо социалдык тармактарда жүргүзүлүп жатат, миң кишиден ашкан соң ал атайын кайрылуу түрүндө президентке жана өкмөткө жиберилет.

Аллеядагы теректер өткөн айдан тарта кыйыла баштаган. Ал аймакта өтчү “Көчмөндөр оюнуна” карата кесилип жатканы айтылган. Бирок Эмилбек Каптагаев дарактар мурдатан даярдалган план боюнча кыйылып жатканын билдирген.

Талаш жараткан аллеядагы бактар 1926-жылы тигилген. Бул жерге Чолпон-Атадагы асыл тукум жылкы заводунун атагын чыгарган Леонид Раппопорттун аты коюлган. (SE)

XS
SM
MD
LG