Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Өзбекстанда пахта терим башталды


Медицина кызматкерлери жана студенттер пахта теримге жөнөтчү адамдардын алдыңкы катарында турат. Айрым медицина мекемелеринде «Баары пахта тергенге кетти. Клиника 18:00гө чейин жабык» деп жазылып турат. Студенттер «өлкөнүн өсүп-өнүгүүсү үчүн пахта теримге өз ыктыярыбыз менен барабыз» деп кол койдуруп алышканын айтышууда.

Жыл сайын эл аралык коомчулук Өзбекстанда пахта терими учурунда мектеп окуучуларын мажбурлап ишке салууну катуу сынга алып, атургай белгилүү чоң компаниялар өзбек пахтасын сатып алууга бойкот жарыялап келет.

Бирок расмий Ташкен көптөгөн далилдерге карабай Өзбекстандагы балдарды пахтага салганды моюнга албай келет. “Пахта кампаниясы” билдиргендей, “жыл сайын миллиондон ашык балдар, мугалимдер, кызматкерлер жана менчик ишканалардын жумушчулары үрөй учурарлык шарттарда пахта терүүгө мажбурлап тартылат. Каршылык көрсөткөндөр окуусунан же жумушунан айдалат”.

Өткөн жылы Өзбекстанда пахта талааларында 10дон ашуун адам түрдүү жагдайларда каза тапкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG