Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

“Көчмөндөр оюнуна” он жети өлкөдөн коноктор келет


Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 9-сентбярда баштала турган “Көчмөндөр оюнуна” дүйнөнүн 17 мамлекетинен коноктор келет. Ачылыш аземине жети миңден ашуун көрөрман жеринен күбө болот. Бул тууралуу оюнду уюштуруп жаткан катчылыктан кабарлашты.

Оюнга Азербайжан, Австрия, АКШ, Орусия, Бразилия, Беларус, Германия, Казакстан, Литва, Өзбекстан, Монголия, Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Швеция жана Түштүк Кореядан өкүлдөр келери кабарланган.

9-14-сентябрда өтчү “Көчмөндөр оюнуна” 350дөн ашуун спортчу катышат. Алардын 250гө жакыны чет элдиктер. Ачылуу аземи эртең Чолпон-Ата шаарында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен болот. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG