Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

Иракта жанкечтинин бомба чабуулунан 10 адам өлдү


Полициянын маалымдашынча, Багдадын түндүгүндө жанкечти эки машинаны жардырып, натыйжада он киши мерт кетти, дагы кеминде 30дай адам жараат алды.

Сентябрдын башында Рамади шаарындагы тогуз кабат имаратты сүздүргөндө дагы ондон ашуун киши кза таап, 17 киши жарадар болгон. Согушкерлер Ирактын түндүк жана батыш тарабынын көп бөлүгүн өз көзөмөлүнө алган.

Ирактын батышындагы Рамади жана Фаллужа шаарлары январдан бери “Ислам мамлекети” уюмунун жана алардын сунни союздаштарынын ээлигинде. Бирок Рамадинин айрым бөлүгү күн сайын колдон колго өтүп турат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG