Адам укуктары боюнча Европа кеңеши Азербайжанда адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин сактоодо абал начарлап баратат деп эсептейт. Европа кеңешинин өкүлү Нилс Муйжниекстин 8-сентябрдагы маалыматында, Азербайжанда акыркы мезгилде укук коргоочуларды камоо көбөйүп, кырдаал кабыл алгыс болуп баратканы белгиленген. Ал бийликти сындаган журналист, блогерлердин камакка алынган бир катар фактылары мисал катары келтирген. (AiT)