Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Казак жарандары Минскиде адам өлтүрүүгө шектелүүдө


Эки казак жараны адам өлтүргөн деп шектелип, Беларуска алып келинди. 29 жана 32 жаштагы бул экөө тергөөчүлөрдүн айтымында, 2012-жылы декабрда Минскиде казак жана орус эркекти өлтүрүп, алардын чоң суммадагы акчасын кымырып кеткен. Аларды казак полициясы жыл башында Беларус тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү боюнча камакка алган. Астана полициясынын 9-сентябрда билдиришинче, тергөө аяктагандан кийин кылмышкерлер Казакстанга алып келинип соттолот.

Казакстан, Беларус, Орусия Бажы союзунун мүчөлөрү жана өз ара коопсуздук жаатында кызматташат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG