Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Шейх Ахмед ал-Тайеб согушкерлерди “кылмышкер” деп атады


Египеттеги ал-Азхар университетинин башчысы "Ислам мамлекети" уюмунун согушкерлерин Араб дүйнөсүн кыйратуу үчүн “сионисттерге” кызмат кылган “кылмышкерлер” деп атады. Шейх Ахмед ал-Тайеб 8-сентябрда Каирде сүйлөп, согушкерлерди дүйнөгө мусулмандарды жаман жана коркунучтуу кылып көрсөтүүдө деп сындады. Ал-Азхар университети сунни мусулмандарынын эң кадырлуу университети.

8-августта Ирактын түндүгүндөгү Дулуия шаарында автомобилчен жанкечтилер жардырган бомбадан кеминде 10 киши өлүп, 30 адам жарадар болду. Дулуиянын эли "Ислам мамлекети" уюмунун согушкерлеринин шаарды басып алуусуна каршылык көрсөтүүдө.

АКШ президенти 10-сентябрда "Ислам мамлекети" уюмунун желдеттерине каршы чабуулдун стратегиясы боюнча сөз сүйлөйт. АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Жен Псаки 8-сентябрда “40тан ашуун өлкө Ирактагы аракеттерге гуманитардык жардам берип же күрттөрдү куралдандырып, чечкиндүү кадамдарды жасап жатканын” Вашингтондо туруп билдирди.

XS
SM
MD
LG