Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

Малайзиялык учак эмнеден кыйраганы бир жыл ичинде аныкталат


Июлда Чыгыш Украинада кулаган малайзиялык авиалайнерге “кубаттуу энергия бөлгөн объект” тийген. Бул жөнүндө 9-сентябрда Нидерланддардын авиакоопсуздук комиссиясынын мүчөсү Тжиббе Жоустра Гаагада Рейтер агенттигине билдирди: "Корутунду докладды даярдаганча кеминде бир жыл кетет. Бул биздин кубаттуу энергия бөлгөн объект авиалайнерге тийген деген бүтүмгө келгенибизди билдирет. Бул эмне предмет экенин аныктоо келечектеги иликтөөнүн бир бөлүгү".

Малайзиянын премьер-министри Нажиф Тун Разактын айтымында, нидерландиялык эксперттердин изилдөөсү MH17 авиалайнери жер-аба тибиндеги ракета менен атып түшүрүлгөнүн тастыктайт. Разак билдирүүнү нидерландиялык эксперттердин тыянагы жарыялангандан кийин жасады.

17-июлда Торез шаарынын жанына кулаган авиалайнерде бардыгы 298 адам болгон. Алардын көбү нидерланд жарандары эле. Учак түшкөн жай изилденип, көпчүлүк адамдардын сөөктөрү экспертизага алынып кеткен. Бирок украин армиясы жана орусиячыл жикчилдер арасында жүрүп жаткан согуштан улам иликтөө токтотулган эле. 9-сентябрда жикчилдер аларда авиалайнерди атып түшүргүдөй каруу-жарак жок экенин кайра кайталашты.

Мурда маалымдалгандай, 17-июлда жикчилдердин кол астындагы аймакта Орусияда жасалган “Бук” зениттик-ракеталык системасы болгон жана авиакырсык кезде алар ракета атышкан.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG