Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

Пакистан талиптери Карачидеги портко кол салганын ырастады


<p>6-сентябрдагы чабуулдан бир суучул жана эки согушчан өлгөн. Пакистан бийликтери 8-сентябрда гана ракета аткычтар, автоматтар, гранаттар менен куралданган согушчандардын портко жасаган чабуулу майтарылганын маалымдады.</p> <p>Деңиз күчтөрүнүн командири Камран Асифтин айтымында, чабуулга катышкан төрт согушчан туткунга алынган. Алар сурак бергенден кийин Пакистандын айрым бөлүктөрүндө өткөрүлгөн атайын операция маалында чабуулга көмөктөштү деп шектелген адамдар камакка алынды. Бирок канча адам кармалганы так маалымдалган жок.</p> <p>Пакистандын коргоо министри Мухаммед Асиф 9-сентябрда парламентте сүйлөп, чабуул жасагандар деңиз портунун &ldquo;ичинен&rdquo; жардам алганын айтты. Чабуул жөнүндө кеңири маалымат парламентте 10-сентябрда жарыяланат.</p>

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG