Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Кремл Чыгыш Украинанын макамын аныктоого кызыгууда


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Чыгыш Украинанын макамы боюнча сүйлөшүү жакында башталат деген тилегин билдирди:

Өлкөнүн түштүк чыгышынын макамы боюнча сүйлөшүү Минск шаарында кол коюлган протоколдо каралган. Бул сүйлөшүүлөр жакында башталат деп биз үмүт кылабыз.

Лавров 9-сентябрдагы билдирүүсүндө, украин армиясы Донецктин түндүк чыгышында чоң күчтөрдү топтогонун айтып, Киевди элдешүүгө карабай, козголоңчуларга сокку урууга камданууда деп сындады. 5-сентябрда элдешүү күчүнө киргени менен, улам-улам ок атуулар болуп жатат. Жикчилдер өздөрү “Элдик республика” деп жарыялаган Донецк жана Луганск облустарын Украинадан бөлүп кетүүнү көздөйт.

Украин өкмөтү негизинен орусча сүйлөгөн аймакка автономия берүүгө убада кылган. Өкмөттүн аскерий өкүлү Андрей Лысенконун билдиришинче, 9-сентябрдагы ок атышууларда беш украин аскери набыт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG