Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Ошто абитуриенттерди алдап акча алды деп шектелген студент кармалды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, аларга жергиликтүү үч жарандан арыз түшкөн. Анда Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин 6-курсунун студенти Курманбек Саматов ошол эле окуу жайга окууга өткөрүп берем деген убада менен эки кишиден 150 миң сомдон, дагы биринен 140 миң сом акча алганы жазылган. Ушул тапта Курманбек Саматов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал кармалгандан кийин дагы акчасын алдаттым деген башка жарандар кайрылып, бүгүнкү күндө Курманбек Саматовдун үстүнөн жазылган арыздардын саны онго жетти. Студент кардарларынан 75 миң сомдон тарта 12 миң долларга чейин суммадагы акча алган.

Мындан тышкары ал эки жыл мурда Ноокат районунун тургунун окууга өткөрдүм деп 3 миң доллар акча алып, жасалма зачеттук китепчени көрсөтүп, алдап койгондугу кабарланууда. Акча берген кыз бул убакыт аралыгында бир да жолу университетке келбей, өзүн студент катары эсептеп жүргөн. Азыр бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG