Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Кара-Сууда келиндерди уурдоого аракет кылгандар изделүүдө


Бул туурасында “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Оштун Кара-Суу районундагы Нариман айылынын тургундары кыштактагы жаш келиндерди белгисиз кишилер уурдоого аракет кылганы тууралуу милицияга арыз жазган.

Маалыматка ылайык, быйыл 2-сентябрь күнү 22 жаштагы Мафтуна Сабирова таңкы саат 6да көчө шыпырганы чыккан кезде бейтааныш адамдар “Хундай-Старикс” унаасы менен келип уурдаганга аракет кылган. Бирок көчөгө кишилер чыгып калгандыктан, келинди таштап кетишкен. Унаадагылардын бири эркек киши, экинчиси кара хижаб кийген айым болгон.

3-сентябрь күнү түштөн кийин ошол эле айылдагы Нилуфар Рустамованы да уурдоого аракет жасалган. Нилуфар каршылык көрсөткөн учурда аны уруп, калтырып кетишкен. Ал азыр катуу коркуп калгандыктан, стресске кабылып, ооруканада дарыланууда.

Жеңиш Ашырбаев ушул тапта шектүү автоунааны табуу үчүн 3000ге чукул машине текшерилгенин билдирди. Ошондой эле ал келиндер берген көрсөтмө менен күбөлөрдүн көрсөтмөсү бири-бирине дал келбей жатканын кошумчалап, иликтөө аракеттери уланып жатканын билдирди.(AzK)

XS
SM
MD
LG