Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Кыргызстандын менчикке укукту коргоо боюнча рейтинги жакшырды


Дүйнөлүк экономикалык форумдун 2014-15-жылга карата экономикалык атаандаштык боюнча чыгарган отчетунда менчикке укукту коргоо жагынан Кыргызстан 144 өлкө ичинен 3,2 балл менен 125-орунду ээлеп, өзүнүн позициясын 11 баскычка көтөрдү.

Буга чейин 2013-2014-жылдар үчүн ушундай эле отчеттун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 148 өлкө ичинен 136 - орунду ээлеп, 2,9 балл алган болчу. Отчеттун эрежесине ылайык, 1 балл менчикти коргоо укугунун эң начардыгын, 7 балл эң мыктылыгын көрсөтөт. Коңшу Тажикстан биринчи жолу рейтингге кирип, 3,9 балл менен 87-орунду ээлесе, Казакстан 70-орунду, Орусия 120-орунду, Украина 135-орунду ээледи.

Рейтингдеги биринчи орундарды Финляндия, Сингапур, Швейцария, Британия, Люксембург, Катар, Норвегия, Жаңы Зеландия жана Гонконг өлкөлөрү алышты. Эң төмөнкү үч орун Зимбабве, Гаити, Венесуэлага ыйгарылды.(AzK)

XS
SM
MD
LG