Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Иракка барды


Ал Ирактын жаңы өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади менен жолугушат. Анда ирактык суннилерди коопсуздук күчтөрүнө көбүрөөк аралаштыруу жана жергиликтүү бийлик органдарында ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселесин сүйлөшөт деп күтүлүүдө. АКШ мамкатчысы Ирактын "Ислам мамлекети" уюмунун согушчандарына каршы акцияларын колдоо максатында барганы айтылууда.

"Ислам мамлекети" уюмунун согушчандарынын мизин кайтарууну талкуулоо үчүн Жон Керри ушу аптада Сауд Арабияга жана Иорданияга барары айтылган. Аталган уюм Ирактын жана Сириянын айрым бөлүгүндө аракеттенет.

Бүгүн АКШ президенти Барак Обама "Ислам мамлекети" уюмунун желдеттерине каршы чабуулдун стратегиясы боюнча сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG