Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Кырчын жайлоосунда туристтерге улуттук каада-салттар көрсөтүлүүдө


"Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаевдин билдиришинче, бүгүн түштөн кийин Кырчын жайлоосунда 200 боз үй тигилип, кыргыздын улуттук каада- салттары болгон хан көтөрүү, кудага баруу, кыз узатуу, бешик той каадалары көрсөтүлдү. Бардык облустар өздөрү даярдап келген оюн-зоокторун тартуулап, ушул тапта концертке даярдык көрүлө баштады. Ушул тапта кырчында 3000ге чукул киши жүрөт.

Түшкө чейин Рух ордодо тогуз коргоол, кыргыз күрөш, алыш боюнча таймаш болду. Ал жерде кийинки оюндар саат төрттө башталат. Алыш боюнча финалдык беттеш саат алтыда башталат. Ал эми саат төрттө Чолпон-Атадагы ат майданда көкбөрү оюну өтөт.

Чолпон-Атадагы ат майданда "Көчмөндөр оюндары" кечээ башталган. Ага мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү жана 17 мамлекеттен келген делегация мүчөлөрү катышууда. 9-14-сентябрда өтчү “Көчмөндөр оюнуна” катышып жаткан 350дөн ашуун спортчунун 250гө жакыны чет элдиктер. Алар эр эңиш, алыш, күрөш, тыйын эңмей, аламан байге, салбуурун, кыз куумай, тогуз коргоол боюнча мелдешип жатышат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG