Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

AI Савченко менен Сенцовду бошотууга чакырды


Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Орусия бийликтерин украиналык учкуч Надежда Савченко менен режиссер Олег Сенцовду абактан бошотуп, мекенине жиберүүгө чакырды.

Интерфакс агенттигинде өткөн маалымат жыйында Amnesty International уюмунун Европа боюнча аймактык программасынын директору Жон Дальхизен укук коргоочулардын айткандарына таянып, Савченко менен Сенцов Украина аймагынан мыйзамсыз алынып чыгарылган жана жасалма айыптар боюнча кармалган деп билдирди.

Мурдараак Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Amnesty International уюмунун башчысы Салил Шетти менен жолугушуп, аты аталган эки жаранын чыгарууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

Олег Сенцов Орусиянын коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан 11-майда Крымда кармалган. Ал Симферопол, Ялта жана Севастополдо саясий кырдаалды курчутуу максатында жардыруу уюштурууга даярданып жаткан деп шектелүүдө. Орусиянын Тергөө комитети Савченкону Луганскта орус журналисттерин өлтүргөн, кийин качкын катары Орусияга келип алган деп айыптоодо. Ал эми Савчено жана Украина бийлиги аны жикчилдер кармап алып Орусияга өткөрүп бергенин айтып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG