Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:46

Журналист Адилет Айтикеев өлкөдөн чыгып кетти


Бул туурасында “Азаттыкка" анын бир тууган иниси Мирбек Айтикеев билдирди. Анын айтымында, агасы Адилет бир жума мурун Орусиянын Санкт-Петербург шаарына өз жумуштары менен кеткен.

“Ал жөн гана өз жумуштары менен кетти. Азырынча эч кандай башпаанек суроо туурасында сөз жок. Өмүрбек Текебаев ал туурасында ар кандай интервьюларды берип жатат. Бирок кылмыш иши козголгон эмес. Азырынча качан келери белгисиз”, - деди Мирбек Айтикеев.

Буга чейин “Азаттыкка” өздүк булактар Адилет Айтикеевдин Норвегиядан баш паанек сураганы жатканы тууралуу билдирген эле. Бүгүн айрым маалымат каражаттары журналист Адилет Айтикеевди саясий башпаанек сурап Норвегияга үй-бүлөсү менен чыгып кеткенин жазып чыгышты. Анда Айтикеев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди сындаганы үчүн депутат ага “жалган маалымат таркаткан” деген негизде кылмыш ишин козготкону айтылат. Ушул жана башка жагдайлар анын өлкөдөн чыгып кетишинин башкы себеби катары айтылган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG