Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

“Датка-Кеминдин” курулуш материалдары уурдалды


Жалал-Абад облусунда “Датка-Кемин” подстанциясына электр зымдары тартылып жаткан тоодон курулуш материалдары уурдалды. Электр зымдарын Базар-Коргон районунун Гумкана айылы аркылуу тоодон алып өтүү иши жүрүп жаткан учурда бир жарым тонна цемент жана бетон мамычалар жоголгон. Бул тууралуу райондук ИИБ башчысы Абдил Куланбаев билдирди.

Окуя боюнча милиция кылмыш ишин козгоп, уурулукка шектүү катары Араван жана Базар-Коргон райондорунун эки тургунун кармады.

Мурдараак Нарын облусунда да “Датка-Кеминдин” курулуш материалдары уурдалганы кабарланган.

“Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр зымын тартуу Кытайдан алынган 389 миллион доллар насыяга үч жылдан бери кытайлык компания тарабынан ишке ашырылып жатат. Ал 2015-жылга чейин курулуп бүтөрү айтылган. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG