Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Пахтанын баасы чечиле элек


Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта түшүмүн жыйноо башталганы менен ак алтындын быйылкы баасы чечиле элек. Пахта кабыл ала турган заводдордо нарктын канча болору тууралуу так маалымат жок. Учурда дыйкандар түшүмдү үйлөрүнө жыйнап жатат. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, баа саясатын пахта сатып алуучу уюмдар аныктайт.

Өткөн жылы бир килограмм пахта 34 сомдон 41 сомго чейин сатылган. Дыйкандар талаага кетирген чыгымды актоо үчүн баа бери дегенде 50 сом болушу керектигин айтышат.

Быйыл республика боюнча 23 300 гектар жерге пахта эгилген. Анын 13 миң гектары Жалал-Абад облусунда, 10 миң гектары Ош облусунда. Бул өткөн жылга салыштырмалуу миң гектардан ашуун жерге аз. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG