Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Бүгүн Тажикстанда ШКУ саммити башталат


Президент Алмазбек Атамбаев Дүйшөмбү шаарында 11-13-сентябрь күндөрү өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитине катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Кызматташуу, биргелешип өнүгүү жана гүлдөө" деген ураан менен өтө турган саммитке уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары, байкоочу өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү жана жети эл аралык уюмдун жетекчилери келет. 12-сентябрда расмий сүйлөшүүлөр болуп, жыйынтыгында Дүйшөмбү декларациясына кол коюлат.

Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылкы саммити Бишкекте болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG