Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:12

Чаткалда алтын ишканасын карактоого шектүү киши кармалды


Жалал-Абад милициясы Чаткалдагы Куру-Терек алтын кенин иштеткен кытайлык “Фонта” компаниясын карактоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин бетин ачты. Облустук ички иштер башкармалыгынын өзгөчө оор кылмыштарды иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Темирлан Мавляновдун “Азаттыкка” билдиришинче, 10-сентябрда кылмышка шектүү жергиликтүү бир адам колго түштү. Анын көрсөтмөсүнүн негизинде калган экөөнү издөө уланууда жана алардын бирөөсүнүн ким экени аныкталды.

Чаткалда 7-сентябрга караган түнү “Фонта” кытайлык компания каракталган. Кол салуудан ишкананын үч кызматкери жарадар болгон. Ок жеген бир адамдын абалы оор экени айтылган. Милиция 5 килограммдай алтын жана 300 миң сом уурдалганын билдирген болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG