Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Таш-Көмүрдө адам өлтүрүүгө шектелген эки киши кармалды


Бул туурасында “Азаттыкка “ Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Мурат Калыгулов билдирди. Анын айтымында, кылмышка шектелген үч кишинин экөө Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарынан кечээ 10-сентябрда кармалып, камалды. Кылмыштын негизги уюштуруучусу эсептелген дагы бир киши колго түшө элек.

5-сентябрь күнү Таш-Көмүр шаарына жакын Аксы-Келиш айылынын тургуну Маматураим Бороевдин 28 жаштагы уулун белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, сабап, оор абалда көчө боюна таштап кетишкен. Ал ооруканада каза тапкан.

Маматраим Бороевдин билдиришинче, уулун анын өзүнүн эле классташы уурдап кеткен. Классташы Бороевге телефон чалып, анын уулун өч алуу максатында катуу сабаганын билдирген. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG