Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Чек арадан мыйзамсыз өткөн казак жарандары колго түшүрүлдү


Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришикендей, кечээ 10-сентябрда Талас чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн Казакстандын алты жараны кармалган. Алар чек арадагы бекеттерден башка жолдор менен келишкен.

Талас облусунун Манас районуна караштуу Жайылган аттуу аймакта кармалган казак жарандырынын жанында өздүгүн аныктоочу документтери болгон эмес. Чек араны бузгандар 5 ээр токум, 5 жүгөн жана 4 мобилдик телефон алып жүрүшкөн. Тийиштүү документтер толтурулган соң, алар УКМКнын Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. (AzK)

XS
SM
MD
LG