Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Бажы биримдигине кирүүнүн техникалык маселелери талкууланды


Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ 10-сентябрда Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев Орусиянын федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельяниновду кабыл алды. Жолугушуу учурунда тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын кийинки жыйынынын күн тартибин талкуулашты. Негизинен энергетика тармагындагы, анын ичинде “Газпром” ишканасы менен стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүнө басым жасалды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бажы биримдигине кирүүнүн техникалык маселелери талкууланды. Кыргызстан 2015-жылдын 1-январынан тарта Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG