Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

Кадамжайдын бир тургуну күйдүргү илдетине шектелүүдө


Кадамжай районунун Марказ айыл округунун 14 жаштагы тургуну күйдүргү оорусуна шектелип, ооруканага түштү. Бул тууралуу райондук ветеринардык борбордун баш дарыгери Таир Мадимаров «Азаттыка» билдирди. Анын анализи Ош шаарындагы атайын лабораторияга жөнөтүлдү.

Өткөн жылы да ушул аймакта төрт киши күйдүргүгө шектелип, бейтапканага түшкөн. Бирок алардын оорусу тастыкталган эмес.

Адистердин айтымында, Кадамжай районунда күйдүргүнүн жети очогу бар. Анын бири Марказ айыл округунда. Кез-кези менен ал жерлерде дезинфекциялык иштер жүргүзүлөт. Акыркы жолу аймакта бул илдет 2008-жылы катталган. (JsA\SE)

XS
SM
MD
LG