Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Жалал-Абадда Чаткал окуясынын 14 жылдыгы белгиленди


Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Улуттук гвардиянын 704-аскер бөлүгүндө 2000-жылдагы Чаткал окуясы эскерилди. Бул тууралуу аскер бөлүктүн командири Сардарбек Бакыев билдирди.

Иш-чара жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышусунда өтүп, 14 жыл мурун согушкерлер менен тирешүүдө эрдик көрсөткөндөргө сыйлоо баракчалары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

2000-жылдын 11-сентябрында Чаткалдын Ак-Таш айылына экстремисттик топтордун 7 куралчан согушкери бастырып кирген. 704-аскер бөлүктүн аскерлери аларды тоодо жашынып жаткан жеринде жок кылган. Аскердик бөлүк Жалал-Абадда 1992-жылы негизделген. (RsK)

XS
SM
MD
LG