Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Арстанбапта адам укуктарына арналган тасмалар көрсөтүлдү


“Бир дүйнө - Кыргызстан” уюму уюштурган өнөктүктүн алкагында бүгүн Жалал-Абад облусунун Арстанбап айылынын жашоочуларына адам укуктарына арналган даректүү тасмалар тартууланды. Фильмдер Юрий Исламов атындагы мектепте коюлду.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” уюму 5-сентябрдан тарта 15 күндүк көчмө кино көрсөтүү уюштуруп, өлкөнүн алыскы аймактарындагы 24 айылды кыдыра баштаган. Фильмдер буга чейин Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жашоочуларына сунушталды.

Ал эми фестиваль өзү 7-11-октябрь күндөрү Бишкектеги “Манас” кинотеатрында өтөт. Анда чет элдик жана улуттук тасмалар кошулуп, жыйырмадай фильм тартууланат. Фестиваль быйыл сегизинчи ирет уюштурулууда. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG