Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

Украин парламенти Евробиримдик менен келишимди карайт


Ал тапта Украин парламентинин спикери президент Петро Порошенко өлкөнүн Евробиримдик менен Ассоциациясы тууралуу келишимди 16-сентябрда мыйзам чыгаруучулардын кароосуна сунуш кылат деп билдирди.

Олександр Турчиновдун айтымында, “депутаттардын документтин ратификациясын кечеңдетүүгө укугу жок” жана Верховна Рада документти “дароо” колго салмакчы.

Украинанын Батышчыл өкмөтү жана Европа Биримдиги, Орусиянын каршылыгына карабай, март айында келишимдин саясий, июнда экономикалык жоболоруна кол коюшкан.

Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин өткөн ноябрда Ассоциациялык келишимге кол коюудан баш тартышы эл арасындагы нааразылык маанайын күчөтүп, анын кызматтан кулашына алып келген.

XS
SM
MD
LG