Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Аксыда мал уурулукка шектелген аялдар кармалды


Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына ылайык, эки айым 7-сентябрда Авлетим айылынан 3 баш уйду уурдап, токтогулдук жарандын унаасына жүктөп бара жаткан жеринен колго түшкөн. Бири Аксы районунун, бири Сузак районунун тургундары. Экөө тең 37 жашта. Алар уурдалган малдарды Өзгөрүш айылындагы мал базарга алып баратканы белгилүү болду. Уйлардын экөө ээлерине кайтарылды. Бир малдын ээси чыга элек. Тергөө амалдарды жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG