Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

Жумгалда бир өрт өчүрүүчү кызмат учурунда каза болду


Нарындын Жумгал районуна караштуу Куйручук айыл аймагындагы Каныш капчыгайында чыккан өрттү өчүрүү учурунда өрткө каршы кызматынын өкүлү, 29 жаштагы Алтынбек Дүйшөналиев каза болду. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өрт коопсуздугу агенттигинин Жумгалдагы №43 бөлүгүндө өрт өчүрүүчү болуп иштечү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Дүйшөналиевдин сөөгү бүгүн саат 15:30дар чамасында өрт болгон жерден табылган. Ал 2010-жылдан бери аталган бөлүктө иштеп жүргөн.

Каныш капчыгайындагы өрт 10-сентябрь күнү башталган. Учурда болжол менен 300 гектар аянт өрттөнүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык болгон жерде дагы бир жаран жоголгонун, аны издөө иштери жүрүп жатканын маалымдады. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG