Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Тажик баш калаасында ШКУнун саммити башталууда


Дүйшөмбүдө Шанхай кызматташтык уюмунун эки күндүк саммити башталууда. Бийик жолугушууга Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлери катышмакчы.

Байкоочулар статусуна ээ Пакистан, Ооганстан, Индия, Иран жана Монголиянын жетекчилери да мамлекет башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Күн тартибинин өзөгүн регионалдык коопсуздук маселеси түзмөкчү. Эсиңиздерге сала кетсек, жыл этегинде чет өлкөлүк аскерлер Ооганстандан чегинүүгө тийиш.

Саммит Украинадагы кризис курчуп, Кремл менен Батыштын мамилелери начарлаган кезге туш келүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG