Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

"Көчмөндөр оюнуна" америкалык ыктыярчылар да катышууда


"Көчмөндөр оюнуна" катышып жаткан америкалык ыктыярчылар.
"Көчмөндөр оюнуна" катышып жаткан америкалык ыктыярчылар.

Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы ыктыярчылар тобу да Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууда. Тынчтык корпусунан кабарлашкандай, ыктыярчылар Марин Леваллен, Эдвард Йу, Дэвид Рамрас, Гус Халин жана Шон Хейнеман тогуз коргоол боюнча мелдешке чыгышат.

9-сентябрда башталган “Көчмөндөр оюнуна” катышып жаткан 350дөн ашуун спортчунун 250гө жакыны чет элдиктер. Алар эр эңиш, алыш, күрөш, тыйын эңмей, аламан байге, салбуурун, кыз куумай, тогуз коргоол боюнча мелдешет. Катышуучулар 17 мамлекеттен топтолгон. Оюндар 14-сентябрда жыйынтыкталат.

Оюндун алгачкы натыйжалары боюнча, жалпы эсепте азырынча кыргызстандыктар үстөмдүк кылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG