Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Гани улуттук биримдик өкмөтү боюнча сүйлөшүүлөр уланарын айтты


Ооганстандын президенттигине талапкер Ашраф Гани улуттук биримдик өкмөт куруу боюнча сүйлөшүүлөр уланарын айтып, бирок өлкөдө эки лидер боло албайт деп белгиледи.

Бир нече күн мурун атаандашы Абдулла Абдулла бийлик бөлүшүү боюнча сүйлөшүү туңгуюкка такалганын жана “бурмаланган” шайлоонун жыйынтыгын кабыл ала албасын билдирген. Гани болсо конституцияга шек келтирген келишимге барбай турганына басым жасады. Тараптар аткаруучу бийликтин жетекчисине кандай ыйгарымдар берилери боюнча маселеде бир пикирге келе алышкан жок.

Бул кызмат жаңы түзүлгөн. Шайлоо комиссиясы кечээ маалымдаганына караганда, президенттик шайлоонун жыйынтыгы эмки жумаларда жарыяланмакчы. Комиссиянын жетекчилиги талапкерлер бийлик бөлүшүү боюнча мунасага келмейинче, эл аралык байкоочулардын катышуусунда өткөрүлгөн аудиттин жыйынтыгы шардана кылынбайт деп билдиришти. Добуш берүүнүн экинчи айлампасы 14-июнда болгон.

XS
SM
MD
LG