Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Жумгалдагы өрттө дагы бир мамлекеттик кызматкер набыт болду


Нарындын Жумгал районуна караштуу Куйручук айыл аймагындагы Каныш капчыгайында чыккан өрттү өчүрүү учурунда райондогу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү, 32 жаштагы Аваз Нуралиев да каза болду. Анын жансыз денеси кырсык болгон жерде бүгүн кечки саат бештерде табылды. Маркум өрттү өчүрүүгө көмөктөшүп жаткан болчу. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Андан мурдараак ошол жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өрт коопсуздугу агенттигинин Жумгалдагы №43 бөлүгүндө иштеген 28 жаштагы Алтынбек Дүйшөналиевдин да жансыз денеси табылган.

Каныш капчыгайындагы өрт 10-сентябрь күнү башталган. Учурда болжол менен 300 гектар аянт өрттөнүүдө. Кырсыкты токтотуу үчүн өрт коопсуздугу агенттигинин Жумгал райондук бөлүмүнүн башчысы подполковник Улан Алманбетов башында турган жүзгө жакын киши иштеп жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG