Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Обама 11-сентябрда каза болгондорду эскерди


АКШнын Нью-Йорк, Вашингтон шаарларында жана Пенсильванияда 11-сентябрь теракттарынын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өттү. Расмий адамдар, бийлик өкүлдөрү жана жакындарын жоготкондор мындан 13 жыл мурун болгон трагедияда өмүрү кыйылган 3 миңдей кишини эскеришти. 2001-жылы ал күнү “ал-Каиданын” жанкечтилери жүргүнчү учактарды качырып, Нью-Йорктогу Дүйнөлүк Соода борборунун эгиз мунараларын жана Пентагондун имаратын сүздүрүшкөн.

Президент Барак Обама Коргоо министрлигинин баш кеңсесинде өткөн иш-чарада сөз сүйлөдү. Мамлекет башчы курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө кайрылып: “Биз, америкалыктар, эч качан коркуу сезимине алдырбайбыз. Ошон үчүн алдыга жылып жатабыз”, - деди.

Нью-Йоркто салтка айлангандай, Дүйнөлүк Соода борборунда каза болгондордун ысымдары бирден окулду.

XS
SM
MD
LG