Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Айша Карасаеванын сөөгү жерге берилди


Филолог, түрколог Кусейин Карасаевдин жубайы Айша Карасаеванын сөөгү бүгүн Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын мүрзөсүнө коюлду. Коштошуу зыйнаты Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы драма театрда өттү. Коштошууга маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев катышты. Айша Карасаева менен коштошууга жүздөн ашуун киши келди.

1912-жылдын 8-мартында төрөлгөн Айша Карасаева 10-сентбярь күнү 103 жаш курагында дүйнө салды. Карасаева 1927-жылы «Жабык араба» фильминде башкы ролду жараткан кыргыз киносунун тарыхындагы биринчи аял. Анда ал Айжамалдын ролун ойногон.

Карасаева 1960-жылы жарык көргөн стенография боюнча китептин автору. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетте кыргыз тилинин стенографиясы боюнча сабак берген. Ал Кусейин Карасаевдин бардык илимий эмгектеринин редактору болгон. (MK)

XS
SM
MD
LG