Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Жумгалдагы өрттө каза болгондордун жакындарына компенсация берилет


11-сентябрь күнү Нарындын Жумгал районуна караштуу Куйручук айыл аймагындагы Каныш капчыгайында чыккан өрттү өчүрүү учурунда каза болгон эки мамлекеттик кызматкердин жакындарына тийиштүү каржылык жардам көрсөтүлөт. Азырынча канча компенсация төлөнүшү анык эмес. Ал атайын комиссиянын корутундусу менен чечилет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы кызматы агенттигинин жетекчиси Нуржан Осмоналиев билдирди.

Бейшемби күнү Жумгалдын Каныш капчыгайындагы өрттү өчүрүү учурунда өрт коопсуздугу агенттигинин №43 бөлүгүндө иштеген 28 жаштагы Алтынбек Дүйшөналиев жана Жумгал райондук мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү, 32 жаштагы Аваз Нуралив каза болушкан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG