Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:11

Жон Керри Түркияда «Ислам мамлекетине» каршы күрөштү талкуулайт


Бүгүн АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Анкарага келип, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жана башка бийлик өкүлдөрү менен жолугат. Алар Сирия менен Иракка коркунуч жаратып жаткан «Ислам мамлекетти» экстремисттик тобуна каршы күрөштү жандантуу маселесин талкуулайт. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жон Керри бейшембиде Сауд Арабияга, Иракка барып экстремизмге каршы күрөш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын билдиришинче, араб тилдүү он өлкө «Ислам мамлекетти» радикал тобунун согушкерлерин жок кылуу планына макулдугун билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG