Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Бажы биримдигине кирүүнүн “баш оорутмасы”


Бажы биримдигине каршы акция. Бишкек. 5-май, 2014-жыл.
Бажы биримдигине каршы акция. Бишкек. 5-май, 2014-жыл.

Өкмөт Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн шарттаган документтердин топтомун парламенттин кароосуна жөнөттү.

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт Бажы биримдигине кирүүдө кандай тобокелчиликтер бар экенин аныктап, кырдаалдан чыгуунун жолдорун атайын изилдөөнүн негизинде көрсөтүүгө тийиш деген талап коюшууда. Мына ушуга байланыштуу өкмөттү парламенттик угууга чакыруу демилгеси көтөрүлдү.

Жообу табыла элек суроолор

Кыргызстандын мыйзамдарын Бажы биримдигине шайкеш келтирүүнү караган бир топ мыйзам долбоорлорунун топтомун өкмөт парламенттин кароосуна сунуштады. Парламенттин регламентине ылайык, документтердин топтому алгач комитеттерде каралып, андан соң палатанын талкуусунан кийин добушка коюлат. Бирок Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул документтерге терең анализ жасабай туруп, шашылыш чечим кабыл алууга кабатыр.

Мына ошондуктан Жогорку Кеңештин депутаты Роза Акназарова Бажы биримдигине киргенден кийинки өлкөнүн абалы кандай болот деген көп суроого өкмөт азырынча жооп таба электигин белгиледи:

Роза Акназарова.
Роза Акназарова.

- Эгерде Бажы биримдигинин рыногуна чыгарсак, кайсы продукцияны сатабыз? Канча көлөмдө сата алабыз жана кандай баада сатабыз? Ички рынокто баалар кандай болот? Бажы тарифтери кандай болот? Мына ушул маселелер боюнча кандайдыр бир терең изилдөөлөр жүрүп жатабы? 2015-жылдын 1-январынан тарта Бажы биримдигине киребиз деп жатабыз. Андай болсо биздеги баалар Орусия менен Казакстандагы бааларга теңдешип калышы мүмкүн. Ошондо бизде инфляциянын көлөмү кандай болот? Биздеги макроэкономикалык көрсөткүчтөр эмне болот? Ушул маселелер боюнча биз өкмөттүн так жообун угууга тийишпиз.

Сариев: Ашкере жеңилдик алууга кызыкдар эмеспиз

Өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы кескин начарлап кетпейби деген кооптонууларга байланыштуу Жогорку Кеңеш өкмөттү парламенттик угууда ушул суроолорго жооп берүүгө чакырды. Айрыкча бажы тарифи көтөрүлсө, тамак-аш жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы кандай өзгөрөт деген суроого так жооп табылбай жатканы айтылды. Өкмөт буга чейин Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөн бааларды кармап туруу үчүн беш жылдык мөөнөткө жеңилдик берүүнү сураган. Бирок соңку иликтөөлөргө таянган экономика министри Темир Сариев өлкө өтө эле көп жеңилдиктерди сураганга кызыкдар эмес экенин туюнтту:

Темир Сариев.
Темир Сариев.

- Өкмөт бул маселе боюнча толук иштеп жатат. Бажы биримдигине кирген мамлекеттер силер сураган жеңилдиктердин бардыгына макулбуз деп жатышат. Бирок биз өтө эле көп жеңилдиктерди сурай бере турган болсок, анда Бажы биримдигинин чек арасы бизге толук ачылбайт. Биз дүңүнөн соода кылган ишкерлер менен сүйлөшсөк, алар бизге жеңилдиктердин кереги жок дешти. Тигүү ишкердигинин өкүлдөрү башында жеңилдиктерди сурады эле. Бирок кийин изилдеп көрүп, алар дагы эгерде бажы чек арасы ачылбай турган болсо анда жеңилдиктерди албайбыз деген чечимге токтолушту.

Бажы биримдигине кирүүнү кечеңдетип туруу керекпи?

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүдө Евразиялык Экономикалык Союз менен төрт жүзгө чукул товардын түрү боюнча макулдашып жатканы белгилүү болду. Экономика министри Темир Сариев анын ичинен Кыргызстан Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн ташылып жаткан тамак-аш, дары-дармек жана техникалык жабдууга бажы жеңилдигин алууга кызыкдар экенин айтты.

Ошол эле кезде “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” коомдук кыймылынын төрагасы Марат Мүсүралиев өкмөт менен парламент Бажы биримдигине кирүүнү кечеңдетип турса болмок деген ойдо:

- Дүйнө жүзүндө Орусияга карата кескин чаралар күчөп, эл аралык абал күндөн-күнгө өзгөрүп жатат. Анан мына ушундай шартта эл аралык коомчулуктун санкцияларынын кучагында калган Орусия менен бир биримдикте болуу бизге кандай залакасын тийгизет, ошол жагын ойлошубуз керек. Албетте, биздин бийликти дагы түшүнсө болот. Анын Кремлдин талабына маневр жасаганга аябай эле мүмкүнчүлүгү аз. Бирок мына ушул маселени кечеңдетип турсак жакшы болмок. Анан эми айрым изилдөөлөргө караганда Кыргызстан реэкспорттон эле жылына 3 миллиарддан ашуун доллар тапчу. Бул кенемтени толтуруу үчүн Орусия жардам катары берип жаткан 500 миллион доллар жетпейт. Ошондуктан абал оорлошуп кетиши мүмкүн.

10-сентябрда өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Орусиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов менен жолугушуу учурунда Кыргызстан 2015-жылдын 1-январына чейин Бажы биримдигине кирүүгө даярданып жатканын баса белгилеген. Оторбаев укуктук документтер толук даяр болуп, негизинен техникалык маселелер гана калганын айткан болчу. Ошондой эле өкмөт мына ошол документтерди каржылык жана укуктук экспертизадан өткөрүүгө тендер жарыялады.

XS
SM
MD
LG