Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Дүйшөмбүдө ШКУ саммити башталды


Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталды. Учурда уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери жабык эшик артында күн тартипти талкуулап жатышат. Саммиттин күн тартибине аймактагы жана дүйнөдөгү саясий абал, Украина кризиси боюнча маселе киргени белгилүү болгон.

Бул жолку саммит "Кызматташуу, биргелешип өнүгүү жана гүлдөө" деген ураан астында уюштурулууда. Ага Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Ооганстан, Казакстан, Кытай, Монголия, Түркмөнстан жана Иран республикасынын президенттери, Пакистандын премьер-министри катышып жатат. Ошондой эле жети эл аралык уюмдун жетекчилери келген.

Саммит алкагында кыргыз президент Алмазбек Атамбаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара көйгөйүн талкуулары күтүлүүдө.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG