Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Таласта зордукталган келин укуктук жардамга муктаж


Таласта сот кызматкерлери зордуктады делген Калия Арабекова укуктук жардамга муктаж. Бул тууралуу ал бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

Арабекованын айтымында, козголгон кылмыш ишти Талас райондук соту адилеттүү карабай койгондуктан, аны башка жакка которуу боюнча арыз жазган. Жакында иш Сокулук районуна которулду. Бирок келин сотто өзүнүн укугун татыктуу коргоо үчүн жардамга муктаж болуп турат. Мындан улам Арабекова укук коргоочуларга кайрылып, жардам берүүнү суранды.

31 жаштагы Калия Арабекова аны алимент алып келдик деген шылтоо менен Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары былтыр 30-декабрда зордукташканын айтып, сотко кайрылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG